Токторалиев Замирбек Сатвалдиевич

Мен Токторалиев Замирбек Сатвалдиевич 1985-жылдын 25-июнунда төрөлгөнмүн.1992-жылы биринчи класска N 8 Карача орто мектебине барып, 2003-жылы 11-классты аяктаганмын.2005-жылы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин башкаруунун автоматташтырылган системасы БАС факультетине тапшырып ИКТ факультетинин информатика адистигин 2011-жылы ийгиликтүү аяктап,ошол эле жылдын сентябрь айынан N 8 Карача орто мектебинен алгачкы мугалимдик кесипти баштаганмын. Декабрь айынан Ж.Боконбаев атындагы гимназия — жатак мектебине информатика мугалими жана балдар өспүрүмдөр уюмунун жетекчиси болуп которулуп, 2019- жылы организатор завуч, соцпедагог болуп иштеп келдим.