Ибраимов Илманбек Турсуналиевич

Ибраимов Илманбек Турсуналиевич Базар-Коргон районуна караштуу Могол айыл аймагындагы Көк-Тонду айылында1980-жылы 3-январда туулган. 1986-жылы №15 Жумалы атындагы орто мектебинен мектеп босогосун аттап 1-класска кабыл алынган. 1997-жылы жогоруда аталган мектепти аяктаган. 1998-жылы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология факультетине тапшырып, 2004-жылы кыргыз тили жана адабияты сабагынын адистигине ээ болгон. 2002-жылы №46 “Кыргоо” орто мектебине кыргыз тили жана адабияты сабагынын адистиги боюнча мугалим болуп эмгектенип баштаган. Аталган мектепте 2010-жылы мектепте социалдык педагог болуп дайындалып 2014-жылга чейин эмгектенген. 2015-жылдын ноябрь айына чейин Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн “Жаш талант” балдар чыгармачылык үйүндө окуу бөлүмүнүн башчысы,2015-жылдан, 2016-жылдары Базар-Коргон районундагы №1 А.С.Макаренко атындагы гимназия мектебинде кыргыз тили жана адабияты адистиги боюнча мугалим, 2016-жылдан 2022-жылдын 6-октябрына чейин Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси болуп эмгектенген. 2022-жылдын 6-октябрында Базар-Коргон районундагы “Ж.Боконбаев атындагы жатак-гимназиясы” мекемесине директор болуп дайындалган.