Нарынбаев Кумарбек Бекишович

Нарынбаев Кумарбек Бекишович 1962-жылы Базар-Коргон
районунун Акман айылында туулган. 1985-жылы Кыргыз
мамлекеттик университетинин механика-математика бөлүмүнүн
“Математик. Окутуучу” адистигин бүтүргөн. 1985-1991-жылдары
Базар-Коргон районунун А. С. Макаренко мектебинде мугалим,
директордун орун басары болуп, ал эми 1991-1994-жылдары
Жоомарт Бөкөнбаев мектебинде мугалим болуп иштеген. 1994-2015-
жылдар аралыгында Жалал-Абад мамлекеттик университетинде
жана Кыргыз мамлекеттик техникалык университеттеринде окутуучу,
улуу окутуучу, директор, декандын орун басары, кафедра башчысы
болуп эмгектенген. 2015-жылдан бери Базар-Коргон районунун Ж.
Бөкөнбаев мектебинде математика мугалими жана директордун орун
басары (улуу тарбиячы) болуп эмгектенип келе жатат.