Пирматов Максат Тилекмаматович

Пирматов Максат Тилекмаматович,1976-жылы 17-апрелде Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айыл аймагына караштуу Карача айылында төрөлгөн.1982-жылы Карача айылындагы (азыркы) №8 Ж.Сулайманкулов атындагы орто мектептин 1-классына кабыл алынган жана аны 1993-жылы аяктадым.1994-жылы ОшМУнун искусство факультетине кабыл алынып,1999-жылы бүтүргон. Университеттин айыл аймактардагы мугалимдердин жетишсиздиги көйгөйү боюнча атайын чыгарылган указы менен 1998-жылы Базар-Коргон районуна караштуу Бешик-Жон айыл аймагында жайгашкан Жон айылындагы (азыркы)№42 К.Сооронбаев атындагы орто мектебинде көркөм өнөр,чийүү жана кол-эмгек предметтеринен мугалим болуп эмгектенген.1999-жылы Ж.Бөкөнбаев атындагы гимназия-жатак мектебине көркөм өнөр,чийүү,кол-эмгек сабагынан мугалим болуп ишке алынган.Учурда ушул мектепте мугалим болуп эмгектенип жатат.